БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Шайлоо жана референдум өткөрүү боюнча борбордук шайлоо комиссиясы эки округда мөөнөтүнөн мурда өткөн шайлоонун жыйынтыгын чыгарды.
Кара-Суу шайлоо округу боюнча Илимбек Кубанычбеков депутат болду. Ал добуштардын 36 пайызын алган.
Ал эми Бекмурза Эргешов Ош шайлоо округу боюнча депутат деп табылды. Ага шайлоочулардын 43 пайызы добуш берген.