Гитлерчилерден коргоп калган бүлөнү 29 жылдан соң тапкан кыргыз жоокер. Сүрөт баян

1945-жылы 9-майда СССР фашисттик Германия жана анын өнөктөштөрүн төрт жылга созулган согушта жеңет. Бүгүнкү күндө да 9-май — постсоветтик аймакта ар бир үй-бүлө үчүн кайгы менен кубаныч аралашкан күн.
Sputnik
Советтер Союзу Улуу Ата Мекендик согуш учурунда 20 миллиондон ашуун жаранынан ажыраган. Кан майданга Кыргызстандан 300 миңден ашык жоокер аттанып, 100 миңден ашуун аскер кайтпай калган. Анын ичинен беш миңден ашуун жоокердин тагдыры белгисиз бойдон калууда. Колумнист Алмаз Батилов Борбордук мамлекеттик архивдин кинофонофотодокументтеринин арасынан кыргызстандык жоокерлердин эрдигин жана тылдагы күжүрмөндүктү чагылдырган сүрөттөрдү тапкан.
1 / 19

Стахановчу А.Айткулова кан майдандагы жоокерлер үчүн ич кийим тигүүдө. 1942-жыл, Фрунзе.

2 / 19

Фашисттик баскынчылардан бошотулган аймактарга Киров атындагы айыл чарба артелинин колхозчулары жеке корунан буудай жөнөтүүдө. Кант району, Фрунзе облусу, 1943-жыл.

3 / 19

Фрунзе атындагы заводдун жумушчулары түшкү тамак учурунда фронттогу абал тууралуу Совинформбюронун маалыматын угууда. Фрунзе, 1942-жыл.

4 / 19

Екатерина Ильченко №4178 госпиталынын медайымы. Фрунзе, 1943-жыл.

5 / 19

СССРдин башчысы Иосиф Сталиндин жазуучу Абдыкалык Чоробаевге ыраазычылык билдирген телеграммасы. Советтер Союзунун коргоо фондунун эсебине аскердик учак курууга Чоробаев өз каражатынан 5000 рубль которгон. Ак-Талаа району, Дөрбөлжүн айылы (азыркы Баетов), 1944-жыл.

6 / 19

Сталинград салгылашынын баатыры А.Мамеков. Ал бул кармашта 261 гитлерчини атып өлтүргөн. 1945-жыл.

7 / 19

Югославия менен Болгарияны фашисттик баскынчылардан бошотууга катышкан кыргызстандык офицерлер: П. Мамбетсадыков жана Советтер Союзунун Баатыры, аскердик учкуч Иван Гавриш. Фрунзе, 1970-жыл.

8 / 19

Чехословакияны гитлерчилерден бошотууга катышкан кыргызстандык аскерлер: В.Толстунов, Т.Мамбеталиев жана Советтер Союзунун Баатыры Василий Беляндра. Фрунзе, 1970-жыл.

9 / 19

Гвардиянын ага сержанты, кыргызстандык жоокер Мидхад Тухватуллин. Ал согуш талаасында өзгөчө эрдик көрсөткөндүгү үчүн Советтер Союзунун Даңк орденинин ээси болгон. Эрфурт шаары, Чыгыш Германия, 1945-жыл.

10 / 19

Кенже лейтенант Дуда Энгинаев согушта көрсөткөн эрдиги үчүн Советтер Союзунун Даңк орденинин ээси. Фрунзе, 1974-жыл.

11 / 19

Кыргызстандык офицер замбирекчи, келечектеги мамлекеттик ишмер жана акын Үсөнкул Жумабаев (оң жакта) теги казак куралдашы менен. Чехословакия, 1945-жыл.

12 / 19

Чыгыш Түркстан Эл Республикасынын армиясынын советтик ыктыярчылары улуту казак кыргызстандык офицер Байдулла Доскенов (сол жакта) полктошу Х.Ибрагимов. Батыш Кытай. 1946-жыл.

13 / 19

Панфиловчуларга арналган эстелик. Москва облусу, Дубосеково темир жолунун айрылышы. 1950-жылдар.

14 / 19

318-Новороссийск дивизиясынын 1337-Новороссийск полкунун аскери, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери Т. Давлетов №12 В.Ленин атындагы мектептин окучуулары менен кезигүүдө. Ал согушта көрсөткөн эрдиги үчүн СССРдин II жана III даражадагы “Даңк” ордендери менен сыйланган. Базар-Коргон районундагы Октябрь революциясынын 60-жылдыгы атындагы колхоз. Ош облусу. 1980-жыл.

15 / 19

"Ош" ресторанынын ашпозчусу, Улуу Ата Мекендик согуштун ардагери А.Мавлянов. Ош, 1975-жыл.

16 / 19

Маутхаузен концлагеринин туткуну В.Павленко М. В Фрунзе атындагы №64 орто мектептин окуучулары менен баарлашуда. Фрунзе, 1990-жыл.

17 / 19

Кричев атындагы 385-аткычтар дивизиясынын жоокерлери: Е.М. Ананьев, С.Ф. Мищенко, В.К.Перфирьев, М.А. Пшеничный, А.Е.Филиппов, И.В. Чумаков кан майдандагы окуяларды эскерүүдө. Фрунзе, 1980-жыл.

18 / 19

8-гвардиялык дивизиянын 19-полкунун ага сержанты Александр Зайченко. Калинин району (азыркы Жайыл), 1967-жыл.

19 / 19

1941-жылы сентябрда кыргызстандык офицер, келечектеги белгилүү котормочу жана жазуучу Олжобай Орозбаев Чыгыш Украинанын Полтава аймагындагы салгылашта катуу жарадар болот. Аны жергиликтүү Белыхтардын үй-бүлөсү гитлерчилерден жашырып, аман алып калат. 1974-жылы Орозбаев үй-бүлөнү таап, ыраазычылыгын билдирген. Украина, Полтава облусу, 1974-жыл.