Ошко Москвадан Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келинди. Видео

Аны Россия президентинин ишенимдүү адамы, актер Михаил Мамаев, "Элдик фронт" кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова жеткирген.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Ош шаарына Москвадан Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келингенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады.
Билдирмеге караганда, аны 4-май таңга маал Россия президентинин ишенимдүү адамы, актер Михаил Мамаев, "Элдик фронт" кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова жеткирген. Конокторду Ош мэриясынын, Россотрудничествонун жана Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алган.
1 / 4

Ош шаарына Москвадан Кремлдин дубалындагы Белгисиз жоокердин мүрзөсүндөгү Өчпөс оттун бир бөлүгү алып келингенин мэриянын маалымат кызматы кабарлады

2 / 4

Билдирмеге караганда, аны 4-май таңга маал Россия президентинин ишенимдүү адамы, актер Михаил Мамаев, "Элдик фронт" кыймылынын Красноярск крайындагы облустук аткаруу комитетинин башчысы Оксана Ларионова жеткирген

3 / 4

Конокторду Ош мэриясынын, Россотрудничествонун жана Россиянын Башкы консулдугунун өкүлдөрү тосуп алган

4 / 4

Эскерүү оту" эл аралык акциясынын алкагында митинг-реквием өтүп, от жагылып, андан соң Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Кыргызстандын башка шаарларына өткөрүлүп берилмекчи

"Эскерүү оту" эл аралык акциясынын алкагында митинг-реквием өтүп, от жагылып, андан соң Түбөлүк оттун бөлүкчөсү Кыргызстандын башка шаарларына өткөрүлүп берилмекчи", — деп жазылат маалыматта.
Бул иш-чара быйыл Ош шаарында экинчи жолу өтүп жатканы кошумчаланды.
Жалал-Абадда "эскерүү бактары" отургузулду