Дүйнөдө ар бир 100 баланын бирөө аутизмге кабылат. Ал эми Кыргызстанда аутизмге чалдыккандардын так саны белгисиз экендигин Жылдыз Садыкова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, аутизм жөнүндө маалымат таратууну күчөтүп, комплекстүү чаралар көрүлүшү зарыл.
"Аутизм менен ооругандардын баарын мүмкүнчүлүгү чектелген деп атоого болбойт. Себеби бул аутизмдин жеңил, орто жана оор түрү бар. Айрымдары сүйлөй албаса да ой жүгүртүүсү кадимки адамдардан айырмаланбайт. Саламаттык сактоо министрлиги 2016-жылы аутизмди атайын окутуу программасын түзүп, тарбиялоо усулдарын киргизген. Бул ыкма алардын интеллектуалдык өсүшүнө жардам берет. Бирок аутизм менен ооругандарды айыктырууга мүмкүн эмес. Өкмөт аутист балдарга атайын борборлорду ачып, аларды колдоого алышы кажет. Азыркы учурда биздин уюмдан сырткары, бир канча коммерциялык борборлор бар. Ар бир баланын ата-энеси өз алдынча чуркап, дал ушул борборлорго кайрылууга мажбур. Дүйнөдө ар бир 100 баланын бирөө аутизмге кабылат. Ал эми Кыргызстанда так саны белгисиз. Статистикалык маалыматтарды алуу учурда абдан кыйын", — деди Садыкова.
Ошондой эле адис министрлик тарабынан аутизмди алдын алуунун программасы иштелип жаткандыгын кошумчалады.