БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Россиянын Куралдуу күчтөрүнүн чабуулдары астында Часов Яр шаарындагы чептүү аймак кулайт, бул — убакыт маселеси. Мындай пикирин Украинанын Коргоо министрлигинин Башкы чалгындоо башкармалыгынын жетекчисинин орун басары Вадим Скибицкий The Economist журналына билдирди.
"Украинанын негизги тынчсыздануусу Часов Яр шаарындагы дөңсөөдө жайгашкан чептүү аймак. Бул шаардын Авдиевкадай жеңилиши мезгил талабы..." — деген Скибицкий.
Маалыматта Часов Яр Украина үчүн чоң стратегиялык мааниге ээ экени белгиленген. Аны басып алуу орус аскерлерине Киевдин көзөмөлүндөгү ДЭРдин акыркы ири шаарларына жол ачат.
Скибицкий ошондой эле орус армиясы Очеретинодогу коргонууну жарып өткөнүн — Украинанын куралдуу күчтөрү кырдаалды турукташтыра албай жатканын кошумчалаган.