БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Россиянын Тышкы иштер министрлигинин расмий өкүлү Мария Захарова европалык дипломатиянын башчысы Жозеп Борреллдин "Батыш Киевди курал-жарак менен камсыз кылбаса Украинадагы жаңжал эки жумада бүтөт" деген билдирүүсү боюнча Telegram каналына пикирин калтырганын РИА Новости жазды.
"Баарын моюнга алып жатышат. Мына силерге тынчтыктын формуласы", — деп жазган ал.
Буга чейин Боррелль "Батыш өлкөлөрү Киевге курал-жарак жеткирбесе Украинадагы жаңжал эки жумадан кийин аяктайт" деп айткан.
Россия Украинага жөнөтүлгөн ар бир курал абалды жөнгө салууга тоскоолдук жаратат, конфликтиге НАТО өлкөлөрүн түздөн-түз кийлигиштирип "от менен ойноп" жатат деп эсептейт. РФ ТИМ башчысы Сергей Лавров Украинаны куралдандыруу үчүн берилген ар бир жардам Россиянын максаттуу бутасы болорун айткан. Ал билдиргендей, АКШ жана НАТО Украинаны курал-жарак менен камсыздоо менен жаңжалга түздөн-түз катышкандан тышкары, Улуу Британия, Германия, Италия жана башка өлкөлөрдө адистерди даярдоо менен алек болушууда. Кремль Батыш тараптын Украинаны курал менен камсыздоосу сүйлөшүү жолуна алып келбей турганын, тескерисинче, мындан терс натыйжа чыгарын айткан.