5-майга карата аба ырайы

Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт.
Sputnik
БИШКЕК, 4-май — Sputnik. Жекшембиде республиканын көпчүлүк жерлеринде жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Бийик тоолуу райондорго кар түшүп, айрым жерлерде жаан-чачын катуу жаайт. Бул тууралуу Кыргызгидромет маалымдады.
Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрден кээ бир жерлерде 15-20 метрге жетет.
Абанын температурасы Чүй өрөөнүндө +22...+27, Таласта +18...+23, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +21...+26, Ысык-Көлдө +17...+22, ал эми Нарын жергесинде +19...+24 градус жылыйт.
Бишкек менен Ошто жамгыр жаап, күн күркүрөйт. Күндүн табы борбор калаада +24...+26, Ошто +22...+24 градуска жетет.
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы