Казакстан 2024-2025-окуу жылына карата жогорку окуу жайларында билим алууну каалаган кыргызстандыктарга 50 орун бөлүп берди. Бул тууралуу Билим берүү жана илим министрлиги кабарлады. Коңшу өлкө берген квотанын 25и бакалавриат программасы боюнча болсо, магистратура боюнча 20 орун, үзгүлтүксүз интеграцияланган медициналык билим берүү боюнча 5 орун бөлүнгөн. Конкурстук тандоого катышуу үчүн талапкерлер edu.gov.kg онлайн системасы аркылуу катталып, керектүү документтерди 23-май саат 23:59га чейин жүктөшү керек.
Ысык-Көл районунда 4-майда Run the Silk Road – Shanghai Cooperation аттуу эл аралык марафон өтүп, жол каттамга чектөөлөр киргизилет. Бул тууралуу ИИМдин маалымат кызматы кабарлады. Ага ылайык, жөө күлүктөр Бактуу-Долоноту айылындагы ат майдандан тартып, Корумду айылынын күн чыгыш тарабындагы эс алуу жайынынын бурулушуна чейин чуркашат. Бул учурда Чолпон-Ата шаары аркылуу өтүүчү Балыкчы — Ананьево — Каракол автоунаа жолу маал-маалы менен убактылуу жабылып турат. Ошол себептен автоунааларга Ысык-Көлдүн түндүк тарабы, тагыраагы, Жети-Өгүз жана Тоң райондору аркылуу жол жүрүү сунушталат. ИИМ ыңгайсыздыкты туура түшүнүү менен кабыл алууну суранат.
ЕАЭБ өлкөлөрү биргелешип экономиканын кеңири анализин түзө баштайт. Бул тууралуу Армениянын финансы министринин орун басары Эдуард Акопян Ереванда өткөн "ЕАЭБдеги каржы интеграциясынын тереңдеши" атуу конференцияда билдиргенин Sputnik Армения жазды. Ал Биримдикке кирген беш өлкөнүн Финансы министрликтери макроэкономикалык туруктуулуктун биргелешкен критерийлерин макулдашканын белгилеген. Мында эл аралык практикадагыдай эле критерийлер колдонулат. Тагыраагы, мамлекеттик карыздын ИДПга карата тобокелсиз деңгээли 50 пайыз, ИДПга карата бюджеттин дефицитинин деңгээли 3 пайыз деп эсептелет. Бул көрсөткүчтөр өссө бийлик чыгашаны кыскартышы керек. Мындай көрүнүш келечектеги экономикалык өнүгүү үчүн негиз жасоо түзүүгө жасалат. Андан тышкары, Акопяндын айтымында, Биримдик өлкөлөрүнүн каржы ведомстволору биргелешип тиешелүү таблицаларда товарларды жана кызмат көрсөтүүлөрдү өндүрүүнү бюджеттин чыгашалары менен салыштырат. "Мунун баары экономика тууралуу так маалымат алууга жана бюджетти түзүүгө жакшы жардам берет", — деген Акопян.
Таттууга дайым тартыла берүү олуттуу оорулардан кабар бериши мүмкүндүгүн дарыгер, диетолог Дарья Русакова билдиргенин "Известия" жазды. "Адам диабет болууга жакындап калганда же аталган оору менен жабыркап жатканда канда инсулин көп иштелип чыгып, глюкоза өйдө-ылдый көтөрүлөт. Мындан улам баш ооруп, күч кетип, жүрөк айланып, анан татттууну жеп башташат", — деген адис. Русакованын айтымында, маанайдын өзгөрүлүшү жана депрессиялык абал дагы курамында канты бар азыктарга тартат. Ошондой эле жан дүйнөсү чөгүп жүргөн адам дагы таттуу менен өзүн алаксыткысы келет. "Балдарга кайсы бир ийгилиги үчүн таттуу берип мактайбыз. Чоңойгондо дагы ошол адаты калып, кийин өзүн таттуу азык менен "сыйлаган" учурлар болот", — деди диетолог. Мындан сыр