Акылбек Жапаров Ташкенттеги Олимпиада шаарчасын көрдү. Сүрөт

Объектинин жалпы аянты 104 гектарды түзүп, курулушка 289 миллион доллар жумшалган.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Ташкент шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышканын өкмөттөн маалымдашты.
1 / 5

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Өзбекстандын Ташкент шаарына болгон жумушчу сапарынын алкагында Олимпиада шаарчасынын курулуш долбоору менен таанышканын өкмөттөн маалымдашты

2 / 5

Билдирүүгө ылайык, Жапаров баштаган Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын башкы архитектору коштогон делегация мүчөлөрүнө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте курулуш долбоору тууралуу айтып берген

3 / 5

Олимпиада шаарчасынын курулушу 2022-жылдын ноябрында башталган

4 / 5

Жалпы аянты 104 гектарды ээлеген шаарчанын курулушуна жумшалган каражат 289 миллион доллардан ашат

5 / 5

Белгилүү болгондой, 2025-жылы Азия оюндары жана жаштар арасындагы Азия Пара-оюндары Ташкентте өтөт

Билдирүүгө ылайык, Жапаров баштаган Архитектура, курулуш жана турак жай-коммуналдык чарба мамлекеттик агенттиги, Бишкек шаарынын башкы архитектору коштогон делегация мүчөлөрүнө Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тийиштүү кызматкерлери менен биргеликте курулуш долбоору тууралуу айтып берген.
Олимпиада шаарчасынын курулушу 2022-жылдын ноябрында башталган. Жалпы аянты 104 гектарды ээлеген шаарчанын курулушуна жумшалган каражат 289 миллион доллардан ашат.
Белгилүү болгондой, 2025-жылы Азия оюндары жана жаштар арасындагы Азия Пара-оюндары Ташкентте өтөт.
Акылбек Жапаров Ташкентте Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Сүрөт