Сузактагы кырсык. Жабыркагандардын саны 35ке жетти

48 жаштагы шектүү убактылуу кармоочу жайга киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Сузактагы "Портердин" айдоочусуна Кылмыш-жаза кодексинин "Автомототранспорт каражаттарынын кыймылынын жана аларды эксплуатациялоонун коопсуздук эрежелерин бузуу" беренеси менен иш козголду. Бул тууралуу Жалал-Абад облустук милициясы кабарлады.
Ага ылайык, 48 жаштагы шектүү Сузак райондук милициясынын убактылуу кармоочу жайына киргизилип, тергөө амалдары жүрүүдө.
Ал эми жабыр тарткандарга соттук-медициналык экспертизалар дайындалган.
1 / 2

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 35ке жетти

2 / 2

Ооруканаларда 20 бейтап жатат, анын ичинде бешөөнүн абалы оор. Эки балага операция жасалган, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда.

Саламаттык сактоо министрлигинин 3-майга карата берген маалыматына ылайык, жабыркагандардын саны 35ке жетти. Ооруканаларда 20 бейтап жатат, анын ичинде бешөөнүн абалы оор. Эки балага операция жасалган, дагы бир кыздын башына операция кылуу пландалууда.
Эске сала кетсек, кечээ, 2-май күнү, саат 14:00дөр чамасында Катмы жайлоосунда манас айтып жаткан балдарды "Портер" унаасы коюп кеткен. 48 жаштагы айдоочу көрсөтмөсүндө балдарга бекер балмуздак таратканы барганын, Жерге-Тал айылдык мектебинин директорунан таттууну кайсы жакка жеткирүү керек экенин сурап телефон чалып жатканда машинасы ылдыйга түшүп кеткенин, артынан токтотконго жетишпей калганын айткан.
Ошто өспүрүмдөр аз жерден бети-колун техникага алдырып жибере жаздаган