Ташкентте КМШ ыктыярчыларынын форуму башталды. Видео

Иш-чарага Россия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн ыктыярчылар уюмдарынын башчылары катышууда.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ташкентте КМШ өлкөлөрүнүн ыктыярчыларынын форуму башталганын Sputnik Өзбекстан жазды.
Бул – ыктыярчылык жаатындагы жана социалдык, экологиялык көйгөйлөргө көңүл бурдуруу үчүн маанилүү иш-чара. Форумга Россия, Азербайжан, Казакстан, Тажикстан, Кыргызстан өлкөлөрүнүн ыктыярчылар уюмдарынын башчылары катышууда.
Эки күндүк форум "Ташкент – КМШ жаштарынын борбору" программасынын алкагында өтүүдө. Анда ыктыярчылар кыймылынын 100дөн ашык өкүлдөрү түрдүү маселелерди, анын ичинде шериктештик мамлекеттеринде жаштардын бири-бири менен ийгиликтүү тажрыйба алмашуусуна жана социалдык активдүү позициясынын калыптанышына шарттарды түзүү маселелерин талкуулашты. Форумдун программасына ылайык, тегерек столдор, талкуулар, мастер-класс жана семинарлар өткөрүлөт.
Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имараты ачылды. Сүрөт