Кайрадан нөшөрлөп жаан жаап, сел жүрүшү мүмкүндүгү эскертилди

Майдын башы жаан-чачындуу болмокчу.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Өзгөчө кырдаалдар министрлиги алдыдагы аба ырайына байланыштуу шашылыш билдирүү таратты.
Ага ылайык, 4-6-майда күтүлүп жаткан нөшөрлүү жаан-чачынга байланыштуу республиканын тоолуу жана тоо этектериндеги райондорунда сел жүрүшү мүмкүн.
Ошондой эле дарыяларда суунун деңгээли көтөрүлүшү күтүлөт.
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы