БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Ташкентте Кыргызстандын Өзбекстандагы элчилигинин жаңы имараты ачылганын өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Анын ачылыш аземине министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов катышып, имараттын короосуна арча көчөттөрүн отургузушкан.
Андан соң КРдин Тышкы иштер министрлигинин 80 жылдыгына, Кара-Кыргыз автономиялуу облусунун түзүлгөндүгүнүн 100 жылдыгына карата жана кыргыз-өзбек эки тараптуу мамилелерин чагылдырган сүрөт көргөзмөнү көрүп чыгышкан. Ардактуу меймандар китебине кол тамгаларын калтыргандан кийин эстеликке сүрөткө түшүшкөн.
Ошондой эле иш-чарага Азербайжан, Беларусь, Казакстан, Россия, Түркия, Тажикстан, Түркмөнстан мамлекеттеринин Өзбекстандагы элчилери, диаспоралары, этникалык кыргыздар жана жергиликтүү жашоочулар чакырылган.
Келген коноктор үчүн атайын боз үй тигилип, кыргыздын меймандостугу көрсөтүлгөн.
Өзбекстандын аймагына жылына кирип-чыккан Кыргызстандын жарандарынын саны 1 миллиондон ашат. Ал эми туруктуу жана убактылуу жашагандардын саны 6,5 миңдин тегереги. Мындан тышкары, болжолдуу 400 миңден ашуун этникалык кыргыз жашайт.