Радио

Кыргызстанда окуучуларга кесип тандоого багыт берген фестиваль өтүүдө

Билим берүү жана илим министрлигинин башталгыч кесиптик билим берүү башкармалыгынын башчысы Гүлнур Мамырова кесип тандоого багыт берүүчү иш-чаралар республика боюнча июль айына чейин уланарын айтты.
Sputnik
Кесиптик лицейлерде мурда окуу убактысы үч жыл болсо, мындан ары эки жылга гана созулат. Окутуунун алгачкы жылы 10-11-класстын базасында өтүп, экинчи жылы кесипке ээ болуп чыгат. Бул тууралуу Гүлнур Мамырова Sputnik Кыргызстан радиосуна маек куруп жатып билдирди.
Анын айтымында, балдар башталгыч кесиптерде окууга Москва жана Санкт-Петербург шаарларына барса болот.

"Фестиваль өлкөдө 2022-жылдан бери райондук, облустук жана республикалык деңгээлде өткөрүлүп келет. Бул фестивалдын негизги максаты артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу. Иш-чара республиканын бардык региондорунда июль айына чейин уланат. Жыл сайын өлкө боюнча 12 миӊге жакын окуучу аталган иш-чарага тартылат. Быйыл Бишкек шаарынан бүтүрүүчүлөргө кесип тандоого багыт берген фестивалга 3 100 окуучу катышты. Андан сырткары, биздин балдар Москва жана Санкт-Петербург шаарларына окууга барса болот. Кыргызстандагы кесиптик лицейлер өлкөдөгү жумушсуздукту кыскартуу максатында Эмгек, социалдык камсыздоо жана миграция министрлиги менен биргелешип, азыркы учурда актуалдуу кесиптерди окутууга басым жасап жатат. Жаштардын талабына ылайык, Билим берүү жана илим министрлигинин социалдык тармактардагы баракчалары аркылуу кесипке багыт берүүчү роликтерди жасап, маалыматтарды жүктөп келебиз", — деди Мамырова.

Ал эмгек рыногун атайын анализ кылып, кесиптик лицейлерге зарыл болгон кесипкөйлөрдү даярдоонун зарылдыгын кошумчалады. Андан сырткары, президентке караштуу №99 кесиптик лицейинин окуучулары IT багыты боюнча Москва жана Санкт-Петербург шаарларына окууга барса болот.