Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Батыш Россия Украинанын армиясына эмне "белек" камдаганын ачыктады

Украинанын фронттогу абалы оор экени белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 3-май — Sputnik. Россиялык аскерлерге Часов Яр шаарын алуу Украина Куралдуу күчтөрүн керектүү нерселер жеткирилип жаткан жолдорго сокку урууга мүмкүндүк берет. Бул тууралуу Лондондогу Коргонууну изилдөө институтунун улук илимий кызматкери Жек Уотлинг Foreign Affairs журналына жазган макаласында айтканын РИА Новости билдирди.
Уотлинг Украинанын тактикалык абалы анча эмес болуп турганда россиялык аскерлерге мындай ыкма согуш талаасында ийгилик алып келерин белгилеген.
Макалада жагдайды Украинанын абадан коргонуу системасынын абалы татаалдаштырары айтылат. Автордун билдиришинче, Украинанын фронттун линиясында асманды коргоого ресурсу жок, андыктан Россия үчүн аскердик позицияда таамай сокку уруу жеңилдейт.
Буга чейин Украина армиясынын башкы командачысы Александр Сырский украин аскерлеринин фронттогу абалы оор экенине нааразы болгон. Анын айтымында, Россия олуттуу артыкчылыкка ээ жана тактикалык ийгиликтерге алып келген байланыш линиясы боюнча активдүү чабуул жасап жатат.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украиндер же согушсун, же токтотсун. Француз генералынын кескин билдирүүсү