"Дыйкандар менен жүндү кайра иштетүүчүлөрдүн ортосундагы келишимдин негизинде жүндөн же териден ар кандай буюмдарды чыгарып, толук иштетип, маселени чечүү жолун карадык. Кыргызстандыктар негизинен мал чарбачылыгы менен алектенгендиктен жүндөн киреше табуу эл үчүн абдан ыңгайлуу. Андыктан атайын класстер түзүп, фермерлерге жеңилдетилген насыя берүү чечими чыккан. Ошонун негизинде беш ири ишкана биригип, бири жүндү жууп тазаласа, экинчиси боёп ар түрдүү буюмдарды чыгара баштады. Бүт шарттар бар. Бүгүнкү күнү кандай жүндүн түрү болсо да иштетүү жагы бир структурага бекип келе жатат. ИИМге, Кыргызстандын Куралдуу күчтөрүнө жергиликтүү жууркан, батек жана башка буюмдарга суроо-талапты билүү үчүн кат жөнөтүлгөн. Учурда кара жүндөн жер семирткич чыгарууну да колго алып жатабыз", — деди Аскарбекова.