Сокулуктагы дүкөндөн 2 млн сом уурдоого шектелгендер Оштон кармалды. Видео

Кармалгандарын бири өткөн жылы ири суммада акча уурдоого дагы шектелип жатат.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Сокулук районунун Фрунзе айылындагы дүкөндөрдүн биринен эки миллион сом уурдоого шектелген эки киши Ош шаарынан кармалды. Бул тууралуу Ички иштер министрлиги билдирди.
Маалыматта 27-апрель күнү Сокулук РИИБине Фрунзе айылынын тургуну кайрылып, ошол эле күнү таңкы саат 04:00дөр чамасында белгисиз адамдар анын дүкөнүнө кирип, сейфин уурдап кеткенин айткан. Жабырлануучу сейфте эки миллион сомдон ашык акчасы болгонун билдирген.
Аталган факт Сокулук РИИБинде катталып, Кылмыш-жаза кодексинин 205-беренеси ("Уурдоо") боюнча кылмыш иши козголгон.

"Ыкчам-иликтөө иш-чараларынын натыйжасында 45 жаштагы Э.Ж. жана 38 жаштагы Б.А. аттуу жарандар аныкталып, алар Ош шаарынын аймагынан кармалышты. Экөө ал күнү Chevrolet Spark үлгүсүндөгү унаа менен жүрүп, кылмыш жасалгандан кийин Ош шаарын көздөй из жашырып кетишкен", — деп айтылат маалыматта.

ИИМ кылмышка шектүүлөрдүн бири 38 жаштагы Б.А. уюшкан кылмыштуу топтун мүчөсү экенин, ал өткөн жылы Токмоктогу ишканалардын биринен 60 миң доллар жана 1,5 миллион сом уурдоого да шектелип жүргөнүн кошумчалады.
Учурда бул адамдардын башка кылмыштарга тиешеси бар-жогу аныкталууда.
Жол милициясы майрам күндөрү кечкисин Бишкекке кирген унааларды текшерет