Кыргызстандыктар Россияда өтчү рафтинг форумуна катыша алат. Жол-жобосу

Тандоодон өткөн талапкерлердин жолу, жатаканасы, тамак-ашы акысыз болору айтылды.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстандыктар "Сибирдин ак суусу – 2024" IX эл аралык маданий-спорттук рафтинг форумуна катыша алышат. Бул тууралуу Россиянын Бишкектеги илим жана маданият борбору ("Русский дом") билдирди.
Форумга катыша тургандар рафтинг боюнча дүйнө чемпиондору менен 10 күн Тоолуу Алтайда болушат. Уникалдуу маршрут улуу Алтай тоолорун, шар аккан дарыяларды жана тунук шаркыратмалар сыяктуу Россиянын жаратылышы менен тааныштырат. Форум 21-июлдан 2-августка чейин Москвада жана Алтайда өтүп, ага Кыргызстандын жарандары Россотрудничествонун "Жаңы муун" программасынын алкагында катыша алышат.
Тандоодон өткөн талапкерлердин жолу, жатаканасы, тамак-ашы акысыз болору айтылды.
Катышуучулар 25 жаштан 35 жашка чейинки, кесиби төмөнкү багыттарга туура келген кыргызстандыктар боло алышат:
спорт;
спорт журналистикасы;
саякатчы блогерлер;
туризмдин активдүү түрлөрүн жактыргандар;
сүрөтчүлөр;
ӨКМ кызматкерлери.
Арыздарды 19-майга чейин kirgizia_bishkek@rs.gov.ru.электрондук дарегине жөнөтүү керек. Белгиленген мөөнөткө чейин форманы толтуруп, электрондук почтага "Сибирдин ак суусу – 2024" IX эл аралык маданий-спорттук рафтинг форуму" деп көрсөтүлүшү шарт.
Рафтинг — бир нече адам үйлөмө кайыкка отуруп алып, агымы тез дарыяларда сүзгөн спорттун экстремалдык түрү.
Россиялык музыканттар бишкектиктерге өзгөчө белек жасашты. Видео