Кыргызстандыктарга жүйөлүү себеп болбосо Россияга барбай туруу сунушталды

Теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында кечинде болгон.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Тышкы иштер министрлиги кыргызстандыктарга жүйөлүү себеп болбосо Россияга барбай турууну сунуштады.
ТИМ бул Россия бийлигинин "Крокустагы" терактыдан кийин коопсуздук менен көзөмөлдү күчөткөнүнө байланыштуу экенин белгиледи.
Ал эми Россияга барууга зарыл болуп жатса өлкөдөгү чектөөлөрдү текшерип алуу керек.
Күтүүсүз кырдаал жаралып, шашылыш суроолор пайда болсо элчиликтин +7 925 115 50 47 номерине чалууга, ошондой эле министрликтин консулдук департаментине +996 999 312 002 номери аркылуу кайрылууга болот.
Эскерте кетсек, теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген бир нече эркек киши адамдарга ок чыгарып, жарылуучу заттарды ыргытып, натыйжада 145 киши өмүрү менен коштошкон.
Теракт боюнча 12 киши кармалып, анын төртөө Тажикстандын жарандары болуп чыкты. Мындан тышкары, Дагестандан кылмышкерлерди курал-жарак менен камсыздоого катышкан делип төрт чет элдик кармалган болчу.
Матвиенко: иштеткен тарап мигранттарга шарт түзүп бериши керек