Кыргызстанда батирлерди эми онлайн кайра каттоодон өткөрсө болот. Жол-жобосу

Батирди онлайн кайра каттоо үчүн "Түндүк" тиркемеси керектелет.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Санариптик өнүктүрүү министрлиги Кыргызстандагы батирлерди онлайн кайра каттоо боюнча жаңы сервис ишке киргизилгенин билдирди.
Маалыматта сервис "Түндүк" мамлекеттик мекемеси менен Жер ресурстары, кадастр, геодезия жана картография боюнча мамлекеттик агенттиктин биргелешкен пилоттук долбоору экени айтылат.
"Мындан ары сатып алуу келишими боюнча мүлктү кайра каттоо үчүн кезекке туруунун кажети жок. Эгерде сиз Кыргызстандын жараны болсоңуз, анда өз батириңизди "Түндүк" тиркемеси аркылуу онлайн режиминде кайра каттай аласыз", — деп билдирди Санариптик өнүктүрүү министрлиги.
Кайра каттоодо сатуучуга, аялы же күйөөсүнө жана сатып алуучуга керек болгон жол-жоболор боюнча нускаманы ведомствонун расмий сайтынан алсаңыз болот.
Кыргызстанда добуш берүүдө биринчи ирет электрондук паспорт пайдаланылууда