Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт

Путин "Крокустагы" терактыда элди сактап калган Ислам Халиловго медаль берди

Ислам менен бирге дагы эки өспүрүм сыйланган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май. — Sputnik. Подмосковьедеги "Крокус сити холлдо" болгон терактыда элди сактап калган үч өспүрүмгө Россия президенти Владимир Путин Өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн медалын тапшыруу жарлыгын чыгарды. Сыйлангандардын арасында теги кыргызстандык Ислам Халилов да бар экенин РИА Новости жазды.
"Чукул кырдаалда элди аман алып калуу үчүн чечкиндүүлүк менен эрдик көрсөткөн Артем Донской, Никита Иванов жана Ислам Халилов Өлүм алдындагыларды куткарганы үчүн медалы менен сыйлансын", — деп жазылат документте.
Эскерте кетсек, теракт үстүбүздөгү жылдын 22-мартында кечинде болгон. Имаратка кирип келген бир нече эркек киши адамдарга ок чыгарып, жарылуучу заттарды ыргытып, натыйжада 145 киши өмүрү менен коштошкон.
Концерттик залда гардеробдо иштеген окуучулар имарат ичинен 100дөй кишини алып чыгышкан, алардан кийин ошол эле жол менен дагы 200гө чукул киши чыгып аман калган.
Теракт боюнча 12 киши кармалып, анын төртөө Тажикстандын жарандары болуп чыкты. Мындан тышкары, Дагестандан кылмышкерлерди курал-жарак менен камсыздоого катышкан делип төрт чет элдик кармалган болчу.
Ислам Халилов буга чейин теракт учурунда эмне кылганын, элди кантип алып чыкканын айтып берген.
Подмосковьедеги “Крокус сити холлдо” болгон теракт
Россиянын муфтийи "Крокуста" элди куткарган Ислам Халиловго сыйлык тапшырды