БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Бишкектеги Республикалык клиникалык жугуштуу илдеттер ооруканасынын үч кабаты тең капиталдык оңдоодон өтүп, ачылды. Бул тууралуу Саламаттык сактоо министрлиги билдирди.
Оорукананын башкы дарыгери Гүлжигит Аалиев 200 орунга эсептелген имарат 2023-жылдын июль айынан бери капиталдык оңдоо үчүн жабылганын айтып, ага чейин 1989-жылдан бери бир да жолу толук оңдоп-түзөлбөгөнүн белгилеген.
"COVID-19 пандемиясы учурунда дубалдар жана шыптар сыйрылып, жарыла баштаган. Линолеум капталган полу көөп, эскирип, көпкө пайдаланылгандыктан имараттагы суу, канализация, жылуулук, электр тармактары, вентиляция жана сантехника жабдууларын толугу менен алмаштырыш керек болуп калган", — деген Аалиев.
Эми палаталарга жаңы душтар орнотулуп, лифт да коюлуп жатканы кошумчаланды. Капиталдык оңдоого Дүйнөлүк банк 72 миллион сом бөлгөн.
Министрлик оорукана 1-майдан тарта 500 орун менен штаттык режимде иштей баштаганын, калкка өз убагында, сапаттуу медициналык жардам көрсөтүүгө даяр экенин белгиледи.