Кыргызстан менен Өзбекстан соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө

Өкмөт башчы форумдун катышуучуларына Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору боюнча маалымат берди.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу товар айлантууну 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча иштеп жатат. Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкенттеги III эл аралык инвестициялык форумдун пленардык жыйынында айткан сөзүндө билдиргенин өкмөттөн кабарлашты.
1 / 3

Кыргызстан менен Өзбекстан ортодогу товар айлантууну 2 миллиард долларга жеткирүү боюнча иштеп жатат

2 / 3

Бул тууралуу министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров Ташкенттеги III эл аралык инвестициялык форумдун пленардык жыйынында айткан сөзүндө билдиргенин өкмөттөн кабарлашты

3 / 3

Эске салсак, өкмөт башчы бүгүн Өзбекстанга жумуш сапары менен барган

Эске салсак, өкмөт башчы бүгүн Өзбекстанга иш сапары менен барган.

"Акыркы жылдары Өзбекстан менен Кыргызстандын ортосундагы туристтик агым жогору болуп, эки мамлекеттин өз ара соода жүгүртүүсү эки эсеге өстү, учурда товар айлантууну 2 миллиард долларга жеткирүүнүн үстүндө иш жүрүп жатат", — деди Жапаров форумда.

Мындан тышкары, министрлер кабинетинин төрагасы форумдун энергетика боюнча панелдик сессиясында Кыргызстандын жалпы энергетикалык потенциалы, өлкөдө курулуп жаткан Камбар-Ата-1 ГЭСинин курулуш долбоору тууралуу маалымат берген.
Форум Сингапур парламентинин төрагасы Сиа Киан Пенг, Түркиянын вице-президенти Жевдет Йылмаз, Сауд Арабиянын энергетика министри баш болгон бир катар мамлекеттердин жогорку кызмат адамдары, ошондой эле Европа реконструкциялоо жана өнүктүрүү банкы, БУУнун Европа экономикалык комиссиясы, ОПЕК эл аралык өнүктүрүү фонду өңдүү бир катар эл аралык уюмдар менен дүйнөлүк ири каржы институттарынын катышуусунда өтүүдө.
Эл аралык III инвестициялык форум Ташкент шаарында 2-3-майда өтөт. Иш-чара Шавкат Мирзиёевдин демилгеси менен уюштурулган. Анын максаты — чет элдик инвесторлорду тартуу, ишкердик мамилелерди жакшыртуу жана өлкөдө жаңы долбоорлорду ишке ашыруу.
Быйыл форумга 93 өлкөдөн 2,5 миң катышуучу келген. Иш-чарага Акылбек Жапаров баш болгон Кыргызстандын делегациясы дагы катышууда.
Кыргызстанда Борбордук Азиядагы эң ири “Үч чоку” лыжа базасын куруу пландалууда