Акылбек Жапаров Ташкентте Шавкат Мирзиёев менен жолукту. Сүрөт

Жапаров коңшу өлкөгө эл аралык инвестициялык форумга катышуу үчүн барган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жолугуп, кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы кабарлады.
Жапаров Ташкенттеги эл аралык инвестициялык форум бүткүл Борбор Азия чөлкөмү үчүн жаңы масштабдуу аянтчага айланып жатканын белгилеген.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров менен Өзбекстандын президенти Шавкат Мирзиёев жолугуп, кызматташтык тууралуу сүйлөшүштү

2 / 2

Жапаров Ташкенттеги эл аралык инвестициялык форум бүткүл Борбор Азия чөлкөмү үчүн жаңы масштабдуу аянтчага айланып жатканын белгилеген

Анда тараптар Кытай — Кыргызстан — Өзбекстан темир жолунун, Камбар-Ата-1 ГЭСи менен Чаткал дарыясындагы эки ГЭСтин курулушун сүйлөшүшкөн.
Ошондой эле эки мамлекеттин ортосундагы соода-экономикалык мамилелерди бекемдөө, тагыраагы, сооданын көлөмүн көбөйтүү, ири инвестициялык, инфраструктуралык долбоорлорду биргелешип ишке ашыруу, энергетика, транспорт, логистика тармактарында жана маданий-гуманитардык кызматташууну арттыруу маселелерин талкуулашкан.
Кыргызстан менен Өзбекстан соода көлөмүн 2 млрд долларга жеткирүүнү көздөөдө