Акылбек Жапаров Өзбекстанга барды. Сүрөт

Өкмөт башчыны аэропорттон өзбекстандык кесиптеши Абдулла Арипов тосуп алган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды. Бул тууралуу өкмөттүн маалымат кызматы билдирди.
1 / 2

Министрлер кабинетинин төрагасы Акылбек Жапаров жумушчу сапары менен Өзбекстанга барды

2 / 2

Жапаровду Ташкент шаарындагы Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алган

Жапаровду Ташкент шаарындагы Ислам Каримов атындагы эл аралык аэропорттон Өзбекстандын премьер-министри Абдулла Арипов тосуп алган.
Министрлер кабинетинин төрагасы жумушчу сапарынын алкагында Кыргызстан менен Өзбекстандын ортосундагы кызматташуу боюнча биргелешкен өкмөттөр аралык комиссиянын 11-жыйынына, ошондой эле III эл аралык инвестициялык форумга катышат.
Мындан тышкары, энергетика, курулуш компанияларынын жетекчилери менен сүйлөшүүлөр өтөрү айтылды.
Марат Иманкулов Тажикстан менен чек ара маселесин чечүүдөгү оорчулуктарды атады