Америкалык полковник дүйнөлүк согуш чыкса АКШ кандай жагдайда каларын боолголоду

Аскер кызматкеринин айтымында, АКШ учурда дүйнөлүк согуш менен күрөшүүгө даяр эмес.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. Келечекте дүйнөлүк согуш чыгып кетсе АКШнын жеңишке жетүү мүмкүнчүлүгү өтө төмөн. Мындай пикирин Пентагондун мурдагы кеңешчиси жана отставкадагы полковник Дуглас Макгрегор социалдык тармактагы баракчасында билдиргенин РИА Новости жазды.
"Биз өтө эле алагды болуп жатабыз, дүйнөлүк ири согуш менен күрөшүүгө даяр эмеспиз", — деген Макгрегор.
Ал өз позициясын өлкөдө мыйзамдуулук бузулуп, иммигранттар мамлекетти каптап кеткендиги менен түшүндүрдү. Адис Вашингтон улуу держава деген иллюзиясын сактап турууга болгон күчүн жумшап жатканын кошумчалаган.
"Бул биздин өлкөнү ичинен иритип жок кылууда", — деп сөзүн жыйынтыктаган Макгрегор.
Буга чейин америкалык The American Conservative журналы АКШ аскердик-өнөр жай комплекси буюртмаларды алып иштеп турушу үчүн Кытай менен уруш чыгарууну көздөп жатканын, мындай ыкма Тайванда, Россия менен Украинанын тирешинде дагы колдонулуп жатканын жазган.
АКШда Россиядан уран импорттоого тыюу салган мыйзам долбоору жактырылды