Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

АКШлык ардагер: Батыш олжолонгон техникасынын көргөзмөсү үчүн уялышы керек

Буга чейин Москвада атайын операцияда олжолонгон техникалардын көргөзмөсү ачылган.
Sputnik
БИШКЕК, 2-май — Sputnik. АКШ армиясынын ардагери Москвада атайын операция учурунда НАТО тарабынан Украинага берилип олжолонгон техниканын көргөзмөсүнүн ачылганына Батыш уялышы керектигин айтты. Анын сөзүн Sputnik Дальнее Зарубежье Telegram каналы жазды.
Отставкадагы подполковник Эрл Расмуссен экспозиция моралдык духту көтөрө турганын белгилеген.

"Бул Россия жана анын Куралдуу күчтөрү согушка жөндөмдүү деген белги. Ушул тапта Москва дээрлик украиналык үч армиянын эквивалентин жок кылды. Азыр да согуш талаасында үстөмдүгүн улантууда. Андыктан Батыш кандай курал жөнөтпөсүн, ал жок кылынат", — деген АКШ армиясынын ардагери.

Аталган көргөзмө Поклонная дөңсөөсүндөгү Жеңиш паркында уюштурулган. Анын арасында бир топ кызыктуу экспонаттар бар. Маселен, шведдердин БМП CV9040, Американын International MaxxPro, Abrams, Bradley, М113, HMMWV, британдардын Saxon, Mastiff, Husky, немецтердин Marder жана башка техникаларын көрүүгө болот.
Коргоо министрлиги түшүндүргөндөй, айрым техникаларды россиялык аскерлер Запорожье облусунун Работино жана Малая Токмачка айылдарынын аймактарында жана Авдеевкага жакын жерде болгон салгылашууларда олжолоп алышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Украина АКШ берген Abrams танкаларын колдоно албай жатат. Себеби