Бишкекте бүтүрүүчүлөр үчүн артыкчылыктуу адистиктердин фестивалы өттү. 2024-жылы кайсы кесиптерге суроо-талап жогору?

Sputnik
Артыкчылыктуу адистиктерди жана кесиптерди жайылтуу, колледж жана лицейлерге абитуриенттерди кабыл алуу кампаниясын колдоо, кесиптик билим берүү системасын өнүктүрүүгө иш берүүчүлөрдү тартуу максатында Бишкекте бүтүрүүчүлөр үчүн артыкчылыктуу адистиктердин жана кесиптердин фестивалы өттү. 2024-жылы кайсы кесиптерге суроо-талап жогору? Кесиптик билим берүү системасында быйылкы окуу жылына карата кандай жаңылыктар бар?
Sputnik Кыргызстан радиосунун “Ачык кеп” программасында кеп кылдык.