Медиация институту толугу менен реформаланат. Мыйзам сунушталууда

Sputnik
Өлкөдө Медиация институту 2017-жылдан тарта өз ишмердүүлүгүн жүргүзүп келет. Сотко чейинки териштирүү иштерин аткарган бул уюмду Юстиция министрлиги колуна алып, реформалаганга камынып турган чагы. Ал үчүн мыйзамга өзгөртүүлөр киргизилип, аталган институт министрликтин астындагы, чечимдери сот аткаруучулар тарабынан ишке аша турган мекемеге айланат. Өлкөдө медиатор болуп жогорку билими бар, жашы 25тен жогорку бардык каалоочулар атайын окуудан өтүп, иштеп кетсе болору да айтылды.
Кененирээк “Күн башат” программасынан угуңуз.