Кайра жаралуучу булактардан алынган энергиянын тарифин жекече белгилөө сунушталууда

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Кайра жаралуучу булактардан алынган энергиянын тарифин жекече аныктоо сунушталууда.
Тиешелүү токтом долбоорун Өнөр жай, энергетика жана жер казынасын пайдалануу мамлекеттик комитети коомдук талкууга чыгарды.
Анын негиздемесинде учурдагы тарифти аныктоо механизми ай сайын курстук айырма боюнча инвестордун тобокелдигин толук камтууга, ошону менен инвесторлорго иштелип чыккан электроэнергиянын баасын төмөндөтүүгө же энергетикалык ишканалар үчүн электр линияларын курууга мүмкүнчүлүк берери жазылган.
"Электр энергиясынын жетишсиздигинен улам генерациялоочу кубаттуулуктарды жогорулатуу, ошондой эле энергетика тармагына инвестиция тартуу максатында министрлер кабинетинин токтому иштелип чыккан. Ушуга байланыштуу Энергетика министрлиги ЭКБ инвесторлору үчүн тарифти ар бир долбоорго жекече аныктоону сунуштоодо", — деп жазылган маалыматта.
Энергетика министрлиги 1-майдан тарта электр кубаты кымбаттай турганын эскертти