БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Мамлекет башчы Садыр Жапаров кыргызстандыктарды 1-Май — Эмгек майрамы менен куттуктаганын президенттин маалымат кызматы билдирди.
Өлкө башчы күжүрмөн эмгектин натыйжасында гана алдыга койгон максаттар ишке ашарын белгилеп, кыргызстандыктарды бар күчү, билими жана жөндөмү менен өлкөнүн өнүгүүсүнө салым кошууга чакырган.
"Байыртадан эле ата-бабалар дагы "Эмгек бар жерде жылыш бар, жылыш бар жерде ырыс бар" деп эмгек менен ынтымак-ырыскы келерин даңазалап келишкен. Бүгүнкү күндө коом турмушунун бардык тармагында бир топ көңүл жылытарлык жетишкендиктер байкалууда. Албетте, мунун баары эмгекти сүйгөн элибиздин жигердүү катышуусу менен ишке ашып жатат. Балдардын бактылуу келечеги, урпактардын байгер турмушу үчүн мамлекетти ар тараптуу өнүктүрүүгө мындан ары дагы аракеттерибизди токтотпойбуз деп ишендирип кетем. Ар бириңиздер иштеген ишиңиздерден рахат алып, эмгегиңиздерден баар таап, жашооңуздардын маңыздуу өтүшүнө тилектешмин", — деген президент.
Жапаров кыргыз элин ынтымакта, биримдикте болууга чакырып, ошондо гана өлкө өнүгүп-өсөрүн кошумчалаган.