Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы

Москвада атайын операцияда олжолонгон техникалардын көргөзмөсү ачылды. Видео

Иш-чарага коюлгандардын арасында бир топ кызыктуу экспонаттар бар.
Sputnik
БИШКЕК,1-май — Sputnik. Москвада атайын операция учурунда НАТО тарабынан Украинага берилип олжолонгон техникалардын көргөзмөсү ачылганын РИА Новости жазды.
Көргөзмө Поклонная дөңсөөсүндөгү Жеңиш паркында уюштурулган. Анын арасында бир топ кызыктуу экспонаттар бар. Маселен, шведдердин БМП CV9040, Американын International MaxxPro, Abrams, Bradley, М113, HMMWV, британдардын Saxon, Mastiff, Husky, немецтердин Marder жана башка техникаларын көрүүгө болот.
Коргоо министрлиги түшүндүргөндөй, айрым техникаларды россиялык аскерлер Запорожье облусунун Работино жана Малая Токмачка айылдарынын аймактарында жана Авдеевкага жакын жерде болгон салгылашууларда олжолоп алышкан.
Россиянын Донбассты коргоо боюнча атайын операциясы
Россиянын абадан коргонуу күчтөрү украиналык ATACMS ракеталарын атып түшүрдү