Кытайда автомагистраль урап, кеминде 19 адам каза болду. Видео

Жер соңку күндөрү аймакта жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин көчкөн.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Кытайдын түштүгүндөгү Гуандун провинциясында автомагистраль урап, кеминде 19 адам каза болду. Бул туурасында РИА Новости КЭРдин Борбордук телеберүүсүнө шилтеме берип жазды.
"Саат 11:45ке карата уранды астынан 18 унаа табылды, жалпысынан 49 адам жаракат алса, 19у каза болду", — деп айтылат маалыматта.
Телеканал жабыркаган 30 адам учурда ооруканада экенин кошумчалаган.
Гуандун провинциясынан Фуцзянь провинциясына кеткен жол болжол менен түнкү саат 02:10до урап түшкөн. Кырсыкта автомагистралдын узундугу 17,9 метр, жалпы аянты 184,3 чарчы метр жери көчүп кеткен. Алдын ала маалымат боюнча, жер соңку күндөрү аймакта жааган нөшөрлүү жамгырдан кийин көчкөн.
Кыргызстанда айдоочулук күбөлүк алган кыз-келиндердин саны өсүүдө. Статистика