Бишкек мэриясы курт-кумурска, келемиш көбөйсө кайда кайрылууну айтты

Объектилерди, үйлөрдү дезинфекциялоо адамдардын коопсуздугун сактоо менен жүргүзүлөт.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. Бишкек шаардык дезинфекциялоо станциясы дератизация жана дезинфекциялоо иштерин жүргүзүүдө. Бул тууралуу шаардык мэрия маалымдады.
Аталган мекеме чымын, бүргө, чиркей, кене, кумурска, ошондой эле келемиш жана чычкан сыяктуу кемирүүчүлөрдү жок кылат.
Мэрия Бишкек шаардык дезинфекциялык станцияда он жылдан ашык тажрыйбасы бар адистер гана иштей турганын белгиледи. Ошондой эле жашоочуларды үйүндө, иштеген жерде, түрдүү объектилерде курт-кумурска, келемиш-чычкан көйгөй жаратып жаткан болсо станцияга кайрылууга чакырды. Адистер андагы жандыктарды жок кылууга кепилдик беришет.
"Бардык иштер адамдардын коопсуздугун жана ишенимдүүлүктү камсыз кылган келишим боюнча жүргүзүлөт. Станция Экономика жана коммерция министрлигине караштуу Монополияга каршы жөнгө салуу кызматы тарабынан белгиленген баа боюнча иштейт", — деп айтылат маалыматта.
Мэрия жарыялаган телефон номерлер: 0555 120 581, 0 500 102 624, 0 707 851 289, 59-24-61, 59-24-63.
Кенелер ойгонду, этият болуңуз! Энцефалиттин белгилери тизмектелди