2-майга карата аба ырайы

2-майга караган түнү айрым жерлерде жаан жаап, күн күркүрөшү, бийик тоолуу райондордо кар жаашы күтүлөт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 1-май — Sputnik. 2-май, бейшембиде, күн ачык болот. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй, Ош, Жалал-Абад жана Баткен облустарында +20...+25, Талас аймагында +19...+24, Ысык-Көлдө +14...+19, Нарын өрөөнүндө +15...+20 градус жылуу болот.
Борбор калаада жана Ош шаарында күндүн табы +23...+25 градуска чейин көтөрүлөт.
Жаанчыл болобу? Май айына карата аба ырайы