“Манас” театры өнөрдү алып жүргөндөр үчүн түзүлгөн камылгабы?

Sputnik
Борбор калаада жайгашкан “Манас” театры жакында эле жаңы имараттуу болду. Жалпы журтка жагып турган бул театр учурда элди топтоп, китепканасын байытып турган чагы. Имараттын ички жасалгаларын бүтүп алган соң, жамы журтту чакырып Манас айтып, каалоочуларды сүйүнтөбүз дейт театрдын кызматкерлеринин бири, КРдин эл артисти, манасчы Рысбай Исаков. Мына ушул улуу баянды угууга келгендерди, марафонго катышып, китеп колтуктай келүүгө үндөгөн манасчы театрдын ишмердүүлүгү, алдыдагы пландары тууралуу кеп салды.