БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Улуттук банк эсептик ченди 13 пайыздан 11 пайызга чейин төмөндөттү. Чечим 29-апрелде кабыл алынып, бүгүндөн баштап күчүнө кирди.
Өлкөдө инфляция басаңдап, 7,3 пайыздан 5,2 пайызга төмөндөгөнү, ал эми акча-кредит саясатынын орто мөөнөткө каралган максаттуу көрсөткүчү 5-7 пайыздын төмөнкү чегине жакын түптөлгөнү айтылган. Ошондой эле республикада экономикалык активдүүлүк байкалып, реалдуу ИДӨнүн өсүшү январь-март айларынын жыйынтыгы боюнча 8,8 пайызды түзгөнү, экономиканын өсүшүнө кызмат көрсөтүү, курулуш жана кайра иштетүү сектору негизги салым кошкону белгиленген.
"Улуттук банк эсептик ченди 11 пайызга чейин төмөндөтүү чечимин кабыл алды. Бул чечим өлкөдө баа туруктуулугун сактоого жана макроэкономикалык стабилдүүлүктү камсыз кылуу үчүн шарттарды түзүүгө багытталып, жүргүзүлүп жаткан акча-кредит саясатына туура келет", — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, кандайдыр бир тобокелдиктер пайда болгон учурда жүргүзүлүп жаткан монетардык саясатка оңдоо-түзөтүүлөр киргизилери кошумчаланган.
Эсептик чен — коммерциялык банктарга кредит берүүдөгү пайыздык көрсөткүч. Ал канчалык жогору болсо, кредиттер, депозиттер боюнча пайыздар да ошончолук жогору болот. Эсептик чен инфляцияны басаңдатуу үчүн көтөрүлөт, бирок терс жагы калк товарларды аз сатып алып, бизнес зыян тартат. Ал эми анын төмөндөшү экономикалык өсүшкө жардам берет, бирок акчанын наркы да төмөндөйт.