Президент Ноокат жана Ысык-Көлдө мөөнөтүнөн мурда шайлоо дайындады

Шайлоо эки депутаттын ыйгарым укугу мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өтө турган болууда.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. № 5 Ноокат жана № 36 Ысык-Көл бир мандаттуу округдары боюнча Жогорку Кеңештин депутаттарын мөөнөтүнөн мурда шайлоо 30-июнга дайындалды. Тиешелүү жарлыкка президент Садыр Жапаров кол койгонун мамлекет башычынын маалымат кызматы билдирди.
Буга байланыштуу Башкы прокуратурага шайлоодо Конституциянын жана мыйзамдардын сакталышын камсыз кылуу, министрлер кабинетине аны өткөрүүгө каражат бөлүү, коопсуздукту камсыздоо жана башка милдеттер тапшырылган.
Мөөнөтүнөн мурда шайлоо аталган округдардан депутаттар Жусупбек Коргонбай уулу жана Максатбек Сарыбагышевдин ыйгарым укуктары мөөнөтүнөн мурда токтотулганына байланыштуу өтө турган болууда.
ЖК шайлоосу: үч округдагы добуш берүү боюнча алдын ала маалыматтар