Дөңгөлөк жууган жабдуусу жок. Бишкекте бир катар курулуш объектилери жабылды

Курулуш компаниялары атайын жабдууларды орноткондон кийин ишин уланта алары белгиленди.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкек мэриясынын 12-апрелдеги №100 буйругун аткарбагандыгы үчүн айрым курулуш объектилеринде иш токтотулду. Бул тууралуу муниципалитет билдирди.
1 / 3

Бишкек мэриясынын 12-апрелдеги №100 буйругун аткарбагандыгы үчүн айрым курулуш объектилеринде иш токтотулду

2 / 3

Буга чейин борбор калаадагы курулуш компанияларына кум, шагыл, топурак ташыган оор техникалардын дөңгөлөктөрүн жууган жабдууларды жана пунктуларды 29-апрелге чейин орнотуу боюнча эскертүү берилген

3 / 3

Алар атайын жабдууларды орноткондон кийин ишин уланта алары кошумчаланган

Буга чейин борбор калаадагы курулуш компанияларына кум, шагыл, топурак ташыган оор техникалардын дөңгөлөктөрүн жууган жабдууларды жана пунктуларды 29-апрелге чейин орнотуу боюнча эскертүү берилген.
Аталган көрсөтмөнү аткарбагандыгы үчүн төмөнкү объектилердин иши убактылуу токтотулду:
Буденный көчөсү, 164 дарегиндеги "Гарант Строй Инвест" ЖЧКсы;
Кийизбаев көчөсү, 24 дарегиндеги "Эмаком" ЖЧКсы;
Кара-Көл көчөсү, 1 дарегиндеги "О2 Development" ЖЧКсы;
Ауэзов көчөсү, 5/2 дарегиндеги "МакроГрупп" ЖЧКсы;
Скрябин көчөсү, 45А дарегиндеги "Аманат Групп Инвест" ЖЧКсы.
Алар атайын жабдууларды орноткондон кийин ишин уланта алары кошумчаланган.
Эреже бузган беш курулуш компаниясына айып салынды. Тизме