Бишкекте "Дом Москвы" маданий-ишкерлик борборунун курулушу каралды

Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Бишкекте "Дом Москвы" маданий-ишкерлик борборунун курулушу каралды. Бул тууралуу муниципалитеттен билдиришти.
Маалыматка ылайык, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен Москва шаарынын тышкы экономикалык байланыштар департаментинин башчысы Сергей Черёмин менен жолукту.
1 / 2

Маалыматка ылайык, Бишкек мэри Айбек Жунушалиев менен Москва шаарынын тышкы экономикалык байланыштар департаментинин башчысы Сергей Черёмин менен жолукту

2 / 2

Анда эки калаанын ортосунда 2024-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду

Анда эки калаанын ортосунда 2024-2027-жылдарга кызматташуу программасына кол коюлду.
"Бул программанын алкагында соода-экономикалык мамилелер, жол-транспорт инфраструктурасы, шаар куруу, борбордун аймактарын көрктөндүрүү, билим берүү жана илим, саламаттык сактоо, маданият, спорт, калкты социалдык жактан коргоо жаатында тыгыз кызматташуу жана башкалар ишке ашырылат", — деп айтылат маалыматта.
Ошондой эле "Дом Москвы" маданий-ишкерлик борборуна имарат куруу маселеси да талкууланганы кошумчаланды.
“Вальс кечеси” жана концерт. Бишкектин 146 жылдыгы белгиленүүдө