Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, белгисиз жоокер Абыл Абдыраман уулун эскерүү

Sputnik
Быйыл Улуу Жеңиштин 79 жылдыгына карата Улуу Ата мекендик согуштун катышуучуларын эскерүү максатында “Туяк” программасында маек уюштурабыз. Буга алардын туугандары, балдары жардам берет. Бул ирет студиябызда мейманда Кыргыз эл артисти Күмөндөр Абылов болду. Биз Улуу Ата Мекендик согуштун катышуучусу, белгисиз жоокер болуп согуштан кайтпай калган Абыл Абдыраман уулун эскердик.