ЕАЭБ рыногуна айыл чарба азыктарынын экспорту кандай болуп жатат — жаңы багыттар, агрокластерлер

Sputnik
Кыргызстанда жүзүмчүлүк жана жүгөрү агрокластерлери түзүлүп, тармакты өнүктүрүү пландары коюлду. Жүзүм жана жүгөрү өндүрүшүн жогорулатуу, экспортту өнүктүрүү жана дыйкандарды колдоо үчүн аталган кластерлерди түзүү талабы жана жалпы өлкөдөгү кластердик бирикмелердин ишмердүүлүгү тууралуу Суу ресурстары, айыл чарба жана кайра иштетүү өнөр жайы министрлигинин кайра иштетүү өнөр жайы боюнча чечимдерди ишке ашыруу бөлүмүнүн башчысы Дамира Аскарбекова суроолорго жооп берди.