1-майдан баштап мектептерге лицензияга арыз аралыктан кабыл алынат. Бул кандай артыкчылыктарды берет?

Sputnik
1-майдан баштап билим берүү ишмердүүлүгүнө уруксат алуу үчүн арыздар Лицензиялоону жана аккредитациялоону башкаруунун автоматташтырылган системасы (ЛАБАС) аркылуу гана кабыл алынат. Аталган тармакты лицензиялоо окутуучу мекеме мыйзамдын алкагында иш алып барышы үчүн жүргүзүлөт. Бул кандай артыкчылыктарды берет? Кандай учурарда окуу жайга лицензия берүүдөн баш тартылат?
Суроолорубузга Билим берүү жана илим министрлигинин лицензиялоо башкармалыгынын башчысы Алмаз Ибраев жооп берди.