Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалы башталды. Быйыл кандай өзгөчөлүктөр болот?

Sputnik
Бишкекте кыска метраждуу тасмалардын эл аралык кинофестивалы башталды. 12-ирет отуп жаткан Фестивалда көркөм, даректүү, анимациялык жана эксперименталдык фильм жанрындагы кинолор коюлат. Бул жылы кинофестиваль Кыргыз ССРинин искусствосуна эмгек сиңирген ишмер, Кыргыз Республикасынын эл артисти, жогорку категориядагы анимациялык фильмдердин режиссеру Сагынбек Ишеновдун 90 жылдыгына арналууда.
Кинофестивалдын конкурстук программасы, калыстар тобу, көтөрүлгөн темалар, катышуучулар тууралуу иш-чаранын координатору Саадат Казакбаева жана жаш кинорежиссёр Асел Умаралиева суроолорго жооп беришти.