Балдардын зордук-зомбулукка кабылышынын себептери. Ким жоопкер?

Sputnik
Жакында эле республикада беш жашар кыздын зордолушу баарыбыздын жүрөгүбүздүн үшүн алды. Дегеле акыркы учурда коомдо балдардын кордолушу, зомбулукка кабылышы көп катталып жаткандай. Мунун негизги себеби эмнеде? Биз кайсы жерден ката кетирип жатабыз? Же кайдыгерликтенби, мүмкүн үй-бүлөлүк баалуулуктардын төмөндөп кетишинендир. Суроолор көп. Бирок бардык тийиштүү органдар маселени чечүү үчүн ийри отуруп, түз кеңешип көп иштерди аткарышы керектигин айтышат. Балдар — биздин келечегибиз.
Алдыда бизди кандай коом күтүп турат деген маселе бар.