1-майга карата аба ырайы

1-майда күндүз көпчүлүк аймактарда өткүн өтүп, күн күркүрөп, бийик тоолуу райондордо кар жаайт. Батыштан соккон шамалдын ылдамдыгы секундасына 4-9 метрге жетет.
Sputnik
БИШКЕК, 30-апр. — Sputnik. Шаршембиде түнкүсүн өлкө аймагында жаан-чачын күтүлбөйт. Бул тууралуу Кыргызгидромет билдирди.
Абанын температурасы Чүй облусунда +18…+23, Талас жеринде +15…+20, Ош, Жалал-Абад, Баткен аймактарында +16…+21, Ысык-Көл чөлкөмүндө +12…+17, Нарында +10…+15 градусту көрсөтөт.
Термометрдин көрсөткүчү Бишкекте +20…+22, Ош шаарында +18…+20 градуска жетет.
Кыргызстандыктар бул аптада катары менен 5 күн эс алат