Жалал-Абад — Балыкчы унаа жолуна көчкү түшүп убактылуу жабылды

Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Жалал-Абад — Балыкчы унаа жолу убактылуу жабылды. Бул тууралуу ЖКККББнын маалымат кызматынан билдиришти.
Жол кыймылы коопсуздугун камсыздоо башкы башкармалыгы кечээ катуу жааган жамгырдан улам Түндүк – Түштүк альтернативалуу жолуна көчкү түшүп, унаалардын жүрүү кыймылына убактылуу чектөөлөр киргизилгендигин эскертет.
Учурда жол тазаланып, жол кыймылынын коопсуздугун камсыздоо кызматкерлери жеринде иштеп жатышат.
Эми бишкектиктер жолдорду сүрөт-видеого тартып мэрияга жөнөтсө болот