БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фондунун (ЕТӨФ) техникалык жардам көрсөтүү боюнча жаңы долбоорунун максаты — бизнес жүргүзүүнү жеңилдетүү үчүн салык төлөөчү профилин түзүү жана Кыргызстанда салыктык башкарууну жакшыртуу.
ЕТӨФ белгилегендей, долбоорду ишке ашыруу үчүн гранттык негизде 1 миллион 450 миң доллар бөлүү пландалууда.
Мамлекеттик салык кызматына статистикалык жана математикалык модулдарды колдонуу менен салык төлөөчүлөрдү категорияларга бөлүүчү автоматташтырылган маалыматтык системаны киргизүү пландаштырылууда. Ошондой эле салык төлөөчү (юридикалык жак) үчүн санариптик профилдик модулду иштеп чыгуу пландалууда. Салык органдарына жеткиликтүү ар кандай булактардан компания жөнүндө маалыматтарды чогултуу жана талдоо аркылуу профиль автоматтык түрдө түзүлөт.
"Мунун аркасында компаниялар потенциалдуу контрагенттерди баалоо мүмкүнчүлүгүнө ээ болот. Долбоор бизнестин ачыктыгын жана салыктык башкаруунун сапатын жогорулатуудан тышкары, республикадагы жалпы бизнес-климатты жакшыртат", — деп айтылат маалыматта.
ЕТӨФ кызматкерлеринин Бишкекке болгон иш сапарынын алкагында Финансы министрлигинин жана Мамлекеттик салык кызматынын өкүлдөрү менен жолугушууларды өткөрүштү. Алар санариптик инфраструктуранын абалын жана аны жакынкы жылдарда модернизациялоо пландарын талкуулашты.
Кыргызстан — ЕТӨФтү негиздеген мамлекеттердин бири. Фонд өз ишмердүүлүгүнүн жүрүшүндө өлкөнү өнүктүрүүгө 660 миллион доллардан ашык каражат бөлгөн. Каржыланган долбоорлордун арасында Бишкек — Ош унаа жолун реконструкциялоо, Токтогул ГЭСин реабилитациялоо, Камбар-Ата-2 ГЭСинин экинчи гидроагрегатын ишке киргизүү, 100дөн ашык медициналык унааларды акысыз берүү жана башкалар бар.
Евразия турукташтыруу жана өнүктүрүү фонду 2009-жылы түзүлгөн, көлөмү 9 миллиард доллардан ашкан аймактык каржы механизми. Кризистин терс кесепеттерин жоюу, узак мөөнөттүү туруктуулукту камсыз кылуу жана катышуучу өлкөлөрдүн экономикаларынын интеграциясына көмөк көрсөтүү максатында түзүлгөн.