Кыргызстанда Борбордук Азиядагы эң ири “Үч чоку” лыжа базасын куруу пландалууда

Долбоор Ысык-Көлдөгү Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук чокуларын камтыйт.
Sputnik
БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда. Бул тууралуу президенттин администрациясынан кабарлашты.
Маалыматта Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, “Үч чоку” долбоору менен таанышканы айтылат. Өлкө башчыга ал тууралуу франциялык S3V (Société de Trois Vallees) компаниясынын башкы директору Паскаль де Тьерсан маалымат берген.
1 / 2

Кыргызстанда Борбор Азиядагы эң ири лыжа базасын куруу пландалууда

2 / 2

Маалыматта Садыр Жапаров бүгүн, 29-апрелде, “Үч чоку” долбоору менен таанышканы айтылат

Долбоор Ысык-Көлдөгү үч тоо чокусун камтыйт: Жыргалаң, Ак-Булак жана Боз-Учук. Планга ылайык, бул жерлерде жалпы узундугу 200 чакырымды түзгөн лыжа трассалары курулат.
“Долбоор ишке ашкандан кийин 4,8 миң жумушчу орун түзүлөт деп күтүлүүдө. Салык төлөмдөрүнүн көлөмү 146 миллион еврону түзөт. Аталган курорттор жылына 10 ай иштеп, аларга 850 миңге чейин турист келе алат”, — деп айтылат маалыматта.
Мындан тышкары, биринчи этапта 60 чакырым лыжа трассасы жана алты асма жол курулары маалым болду. Буга 165 миллион евро инвестиция талап кылынып, курулуш иштери 2026-жылы аяктай турганы айтылды. Ошону менен бирге мейманканалар, ресторандар, этношаарчалар, конференц-залдар, ошондой эле башка эс алуу зоналары камтылган комплекстүү инфраструктура курулат.
“Мамлекет башчысы тоо лыжа кластерин ишке ашыруунун маанилүүлүгүн баса белгилеп, мамлекеттин катышуусун талап кылган бардык маселелерди иликтөө боюнча зарыл иштерди жүргүзүүнү тапшырды”, — деп билдиришти президенттик администрациядан.
Чет элдиктерге Көлдө туробъектилерди ижарага алууга уруксат берүү сунушталды