БИШКЕК, 29-апр. — Sputnik. Бишкектеги гараж кооперативдеринин биринде ири өлчөмдөгү баңгизат сактоочу жай аныкталды. Бул тууралуу УКМКдан билдиришти.
Маалыматка ылайык, аталган жайга синтетикалык баңгизаттын реагенттери (компоненттери), 300 килограммдан ашык порошок жана 360 литрге жакын суюктук көмүлгөн.
"Алдын ала эсептөөлөр боюнча, алынган каражаттардан 10 килограмм мефедрон өндүрүлүп, ал 10 миң дозадан ашмак. Сатылса 500 миң долларды түзмөк", — деп айтылат маалыматта.
Учурда баңгизаттарды мыйзамсыз сактоо менен алектенгендерди аныктоого багытталган комплекстүү ыкчам иш-чаралар жүргүзүлүп жатканы белгиленди.
Ошондой эле УКМК баңгизаттарды өндүрүп тараткандар мыйзам чегинде катуу жазаланарын эскертти.